Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжанга иш сапары менен барат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдиргендей, Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарында болот.
Иш сапардын алкагында эки өлкө лидерлери кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечектеги кызматташуунун ар тараптуу багыттарын талкуулашат. Ошондой эле Азербайжандын Милли Межилисинин төрагасы менен Садыр Жапаровдун эки тараптуу жолугушуусу мерчемделүүдө.
Андан тышкары азербайжандык ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, Кыргызстан тууралуу маалымат берилип, соода-инвестиция жаатында кызматташуунун артыкчылыктары талкууланат. Бир катар документтерге, анын катарында стратегиялык өнөктөштүк декларациясына, мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берген макулдашууларга кол коюлат.
Жээнбек Кулубаев күтүлүп жаткан иш сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп ишенет.