"Супер сулуу-2012" сулуулар сынагында абройлуу 4 номинациянын катарында быйыл биринчи ирет "SUPER.KG ажары" наамынын ээси да аныкталып, сыйлык тапшырылды. Аталган наамга Арслана Малиева татыды. Сыйлыкты жеңүүчүгө SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды. Бактыгүл айым Арсланага бул сыйлыкты SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан түшкөн көп сандаган позитивдүү билдирүүлөрдөн улам тапшыруу чечими кабыл алынгандыгын билдирди. Ошондой эле "Келдике" зер борборунан жагымдуу белек тапшырылды. Эске салсак, концертке 2 апта калганда сынактын катышуучулары тууралуу видеороликтер тартылып, порталга жүктөлгөн.