Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мыйзамсыз тыңшоолор болуп жатканын айтты.
"Мен дайыма бир жерге барып ооз ачам. Ошол жердеги кондиционерден тыңшоочу аппарат чыкты. Аппаратты менин чөнтөгүмө эле салып бергиле, мен сүйлөйм. Мен тескерисинче катуураак сүйлөп берем. Мен ооз ачкан жерге барып столго, муздаткычка коёсуңар, кыйналбагылачы. Чөнтөгүмө эле салып койгула 24 саат сүйлөп берем", - деди Мадумаров УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковго.
УКМКнын төрагасынын орун басары депутатты арыз жазууга чакырды.
"Биз сиз менен, дегеле башка жарандар менен мындай кылбайбыз. Аны ошол барып жаткан рестораныңыздын ээсине же күзөтчүсүнө айтып, бизге арыз жазыңыз. Биз жарандардын жана республиканын коопсуздугун камсыз кылабыз", - деп жооп берди Мамасадыков.