Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Таалатбек Масадыков кайда экенин Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкуловдон сурады.
"Бизде Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген кызмат кирген эле. Акыркы убактарда ал кишинин аты-дайыны жок. Такыр эч жерден көрүнбөйт. Ошол орун басарлык кызмат барбы? Ал киши барбы?", - деп суроо салды.
Коопсуздук кеңешинин төрагасы Масадыков президенттин тапшырмаларын аткарып иштеп жатканын билдирди.
"Президент жарлыгы менен орун басарды дайындаган. Азыр эми орун басар Масадыков иштеп жүрөт. Президенттин өзгөчө тапшырмаларын аткарып жатат. Бир ай мурун ооруп, дарыланып келди.
Анын кызматы убактылуу жобо менен бекитилген. Мурда конституциялык мыйзамда жок болчу", - деп жооп берди Иманкулов.