Депутат Бахридин Шабазов кыска мөөнөттө эл аралык жүк ташууну жандандыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-чен көзөмөл департаментинин жана “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат укту.
Тиешелүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү берген маалыматта лицензия берүү, транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу, транспорттук көзөмөлдү ишке ашыруу жаатындагы чараларга көңүл бурулду.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууга лицензия берүү маселесин белгилешти. Тактап айтканда, депутат Гүлшаркан Култаева жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн юридикалык жактарга да, жеке жактарга да лицензия берүү талаптарын катаалдаштырууну сунуштады. Ал эми депутат Тазабек Икрамов жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктарды болтурбоо максатында транспорттук ишмердүүлүккө көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын кошумчалап, жол кырсыктарынын саны тууралуу суроо узатты.
Муну менен катар жыйында жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо функциясы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгени айтылды. Үч ай ичинде 1 миң 366 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1 пайызга азайганы белгилүү болду.