Садыр Жапаров расмий иш сапар менен Баку шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде расмий иш сапар менен Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысынын учагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан