Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Кундузбек Сулайманов сөз алып, министрлер менен байланыша албай жатканын айтты. Буга байланыштуу парламенттеги президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып бул нерсеге көңүл бурууну өтүндү.
“Президент министрлерди чакырып убара кылбагыла, орун басарлары келет, тийиштүү суроолорго ошолор жооп берет, бүт иштерди ошолор бүтүрөт деди эле. Биз президенттин айтканын сыйлап, аларды көп чакырбай, бирок телефон аркылуу маанилүү маалыматтарды алып коёлу десек кээ бир министрлерибиз телефонун албай жатат. Ушуга көңүл буруп, телефонго жооп берип кой деп коюңузчу”, - деди Сулайманов.