Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев жаңы Ак Үйдү кургандарга берилген Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү жерге түшө турган көп кабаттуу үйлөр тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлүнүн пикиринде 16 гектарга көп кабаттуу имараттар түшсө ыш каптаган Бишкектин экологиясы дагы булгануусуна салым кошот.
“Депутаттар ар бир кышта экологияга байланыштуу маселе көтөрүшөт. Былтыр президент өзү дагы экологиялык коопсуздук боюнча буйрук чыгарган. Ал жакта бир тапшырма бар, көп кабаттуу үйлөрдү куруунун нормативдерин жана талаптарын кайра карап чыгуу тууралуу. Азыр мына борбор калаанын түштүк бөлүгүндөгү курулуштар тууралуу сөз болууда. Ак Үй курулуп жатат, аны кургандарга 16 гектар берилип жатат. 16 гектар жерге жаңы үйлөр салынса Бишкекти кандай ыш каптаарын элететип жатасызбы. Бишкекте дем алууга болбой калат. Бизде ансыз да онкология менен ооругандар көп. Мүмкүн ушул жобону карап чыгасыздар кайра башынан”, - деди Бекешев.