Кочкордо жер маселеси курч болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
“Кочкордо жер маселеси күндөн-күнгө оорлоп бара жатат. Бир үйдө төрттөн келин жашап жатат. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген кеп бар, азыр Кочкордо 4 келиндин башы бир ашканада иштебейт болуп калды. Ушул маселени чечиш керек”, - деди эл өкүлү.