Тарых музейинин жетекчиси Гүлбара Абдыкалыкованы мыйзамсыз иштен алуу аракети болууда. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин бүгүнкү 21-апрелдеги жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
“Тарых музейинин жаш жетекчиси бар Гүлбара Абдыкалыков деген. Аны да иштен алабыз деп жатышыптыр, орду кимдир бирөөгө керек болуп жатыптыр деген маалыматтар айтылууда. Эми жаш кадрларды сактайлычы иштеп жаткан. Ушуну бир карап коёлу”, - деди депутат.