Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште өтүп жаткан Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында Айыл чарба министрлиги тарабынан өлкөдө "кампа күбөлүгү" долбоорун ишке киргизүү сунушталды.
Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, айыл чарба продукцияларына атайын "кампа күбөлүгүн" чыгартуу Евразия экономикалык биримдигинин алкагында демилгеленген жаңы долбоор. Ал аталган биримдикке кирген өлкөлөрдүн бардык талаптарына ылайык иштелип чыккан жана биримдикке мүчө 5 мамлекетте: Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Кыргыз өлкөсүндө таанылат.
Аталган долбоорго ылайык дыйкандар өздөрүнүн айыл чарба продукциясын бирдиктүү кампаларда сактай алышат. Ал эми аларга кампада сакталган продукциясынын түрү, көлөмү, мөөнөтү, сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрү так белгиленген "кампа күбөлүгү" берилет. Анын негизинде дыйкандар коммерциялык банктарга "кампа күбөлүгүн" күрөөгө коюп, ири суммадагы насыя ала алышат. Жалпылап айтканда, күбөлүк дыйкандарга каржы инструменти катары кызмат кылат.
"Кампа күбөлүгүндө бирдиктүү кампага сакталган продукция тууралуу бардык маалыматтар көрсөтүлгөн. Маселен 100 тонна алма же башка ушул сыяктуу продукция көрсөтүлгөн болот. Мунун натыйжасында дыйкан күбөлүктү күрөөгө коюп, насыя алуу боюнча атайын банктарга кайрыла алат", - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле бирдиктүү кампалар жер-жерлерде түзүлөрү айтылды. Ага каалоочулар продукциясын сатыкка чыгарганга чейин, тактап айтканда базар баасы ылайык келгенге чейин да сактай алышат. Учурда аталган келишимди ишке ашыруу жараяны ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында жүрүп жатканы кабарланды.