Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кени боюнча келишим кол коюлгандан 3 айдан кийин күчүнө кирерин айтты. Бул туурасында ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирип, кийинчерээк чечмелеп берерин белгиледи.
Суроо: "Кумтөр" боюнча убагында 260 миллиард сомдук экологиялык зыян келтирилгени айтылып келди эле, эми ал экологиялык зыяндын ордун ким толтурат?
- Туура көрсөңөр "Кумтөр" боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча-мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар, эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен.
- Алтын казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөп кеткени чынбы?
- Алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбайт. Бир жерде руданын курамында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Ошондуктан бирде көп казылса, бирде аз казылып турат. Быйыл, буюрса, 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алабыз деп план коюп жатышат.
- "Кумтөрдүн" алтыны каякка, канчадан сатылып жатат? Уурдалып кетмейи жокпу?
- Бир грамм алтын уурдай алышпайт. Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт да процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатты. Биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат.