Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди.
Маегинде президент жалпысынан 16-17 саат иштеп жатканын айткан.
Президентке "Уруксат болсо, жеке өзүңүзгө тиешелүү суроолордон да берейин. Жумушка канчада келесиз?" деген суроо берилген.
"Канчада келесиз эмес, канча саат иштейсиз деп сурасаңыз туура болот. Өкмөт үйүнө ар кайсы убакта келем. Жалпысынан 16-17 саат иштейм. Резиденциядагы президенттик офисте, үйдө дагы иштей берем. Кээде өтө зарыл, эртеңкиге калтырбай турган маселе жаралып калганда, түнкү саат үчтө да министрлерди үйгө чогулта коём", - деген Жапаров.