УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада сурак берип чыккандан кийин журналисттерге кыскача маалымат берди. Анын айтымында, ал 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган Июнь окуясы боюнча сурак берген.
"Июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде суракка чакырышкан, мен көрсөтмө бердим. Иликтөө иши кандай жүрүп жатканын билбейм, мага маалым болгон нерсени айтып бердим. Мамлекеттик жана депутаттык комиссиянын корутундусунда негизги күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө экени айтылган. Убактылуу өкмөт түштүктөгү таасирин сактап калуу үчүн жергиликтүү сепаратисттерди колдоп, алардын мүмкүнчүлүгүн колдонгусу келген. Анын натыйжасында ушундай улут аралык кагылышуу келип чыккан", - деди Ташиев.
Ошондой эле Убактылуу өкмөттү аракетсиздик беренеси менен дагы айыптоого болорун кошумчалады.
Сепаратисттердин лидери Кадыржан Батыровдун качып чыгып кеткени дагы шектүү экенин, ага ким жардам бергенин аныктоо зарылдыгын дагы билдирди УКМКнын төрагасы.