Президент Садыр Жапаров Октябрь окуясы боюнча ачылган кылмыш ишине катыштыгы бар делинген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабанов эмнеге эркиндикте жүргөнүн билбей турганын айтты. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып бул иш боюнча соттун чечимин күтө турууга чакырды.
- "Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабанов эркиндикте эле жүрүшөт" деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттуулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?
- Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо президент катары Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып отурам. Кайсы бир чуулгандуу иштерде ашып кетсе 5-10 күн маалыматтан артта калышым мүмкүн, мага маалымат жетпей калып. Бирок баары бир өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турам. Бул маселе боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар мен билбейм. Балким, Бабанов, Казакбаев башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтпөйлүбү. Эгер адилетсиз чечим чыкса, анан изилдебейлиби, бул маселени.