"Кагаз карабайм" деген Бакасов кайрадан Мадумаровду сынга алды (видео)

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов кесиптеши Адахан Мадумаров экөөнүн өткөн отурумдагы кайым айтышуусу боюнча түшүндүрмө берди.

"Өткөн отурумда Улан Бакасов кагаздан карап Адахан Кимсанбаевичти урушту деп соцтармактарга тарап, ар кандай пикирлер айтылды. Буга биринчи Кудай күбө, экинчиден ушул жерде отурган депутаттар күбө, туура айтамбы депутаттар, кагаз карап окудумбу? Алдыбыздагы кагаз бул күн тартиби.

Экинчиси, биз эмне себептен талаштык. "Жамандык көрсөң, колуң менен токтот, болбосо тилиң менен токтот, ал дагы болбосо жүрөгүңдөн жаман көрүп кой" деген сөз бар. Жүрөктөн жаман көрүш ыймандын төмөнкү даражасы дейт. Туура айтамбы Нуржигит Кадырбекович? Мен жамандык көрдүм, колум менен токтото албадым, биз маданияттуубуз, тилим менен токтоттум", - деди Бакасов.

Ошондой эле талаштын чыгышына Баткенге бөлүнгөн 50 миллион долларга курулуш жүргүзө турган "АРИС" себеп болгонун билдирди. Мындан сырткары парламенттеги 90 депутаттын ичинен Мадумаровдон башкасы элге кызмат кылууга аракет кылып жатканын, Мадумаровдо гана андай аракеттер жоктугун айтты.

Адахан Мадумаровду муну менен катар калыс эмес деп айыптады. "Эгер калыс болсоңуз, тарапташтарыңыз кагаздан окуду деп сындап жатканда, андай эмес деп калыс сөзүңүздү айта алган жоксуз", - деди Бакасов.

Сөзүнүн аягында чечен эместигин, бирок өз оюн кеңири айта аларын билдирди.

Өткөн жумадагы жыйында бир нече депутат Мадумаровду "баарын сындай бересиң" деп сынга алышкан. Ал эми "Улан Бакасов кагаздан окуп урушту" деп шакабага айланган.

Улан Бакасовдун Адахан Мадумаровго кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан