Депутат Балбак Түлөбаев парламенттин укугун чектөөнү сунуштадыбы? Өзүнүн жообу

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин отчётун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганы тууралуу буга чейин айрым басылмалар жазып чыгышкан.

Анда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин жаңы регламенти каралып жаткан учурда депутат Марлен Маматалиев Түлөбаевдин парламенттин укугун дагы чектөө сунушу тууралуу айткан.

Ага ылайык, Балбак Түлөбаев регламентке "парламент Конституцияны өзгөртпөйт, министрлер кабинетинин республикалык бюджет боюнча отчётун укпайт" деп киргизүүнү сунуштаган. Бирок бул сунуш Конституцияга каршы келгендиктен баш тартышкан.

Бул боюнча Балбак Түлөбаевге байланышканыбызда, мындай сунушту таптакыр киргизбегенин билдирди.

“Мен мындай деп айткан эмесмин, билбейм каяктан чыкты. Эми ушул кантип болсун?”, - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан