Маматалиев парламенттин укугун чектөөнү Түлөбаев эмес, Түмөнбаев сунуштаганын айтты

Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин отчётун угуу укугунан ажыратууну сунуштаганы тууралуу Марлен Маматалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Бирок көп узабай Балбак Түлөбаев мындай пикир айтпаганын билдирген.

Муну менен катар эле жыйындын соңунда Маматалиев адашып айтып алганын, аталган сунушту депутат Түмөнбаев бергенин айтты.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн маалыматка тастыктоо киргизип коюуну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан