Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул туурасында башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, бүгүн, 27-апрелде Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуялары боюнча күбө катары суракка чакыртылды.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы 2010-жылдагы Июнь окуялары боюнча күбө катары сурак берген.