Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат.