Жогорку Кеңеште "Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Анын демилгечиси депутат Марлен Маматалиев баяндама жасап жатат.
Анын жүрүшүндө депутаттар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Аркадий Рогальскийди ачуу сынга алышты.
Ага министрдин орун басарынын аталган мыйзам боюнча берген жообу себеп болду.
Бир нече депутат аны бул тармакты түшүнбөйт, мыйзамдын талкуусуна көңүл кош мамиле кылууда деп айыпташты.
“Өкмөттүн мүчөсү катары келип жаткан Аркадий Рогальский кечээ дагы комитетке келген. Ал жерде дагы телефондо ойноп отуруп, бир топ комитет мүчөлөрүнөн уруш уккан. Бул адамдын кызматка кантип келгени тууралуу тактоону сурандык эле. Түшүнүгү жок, болбосо Кыргызстандагы бүт тоо-кендерин басып отура турган ушул адам", - деди Мирлан Самыйкожо.
Мындан сырткары бир нече депутаттар дагы трибунага чыгып, министрдин орун басары өкмөттү уят кылып жатканын айтып, кантип бул кызматка келгенин тактоону өтүнүштү.