"Орозо айтты майрамдоого бийлик тарабынан тыюу салынды" деген билдирүүнү президенттин басма сөз катчысы четке какты

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Орозо айт майрамына карата жалган маалымат тарап жатканын айтып, билдирүү жасады. Ал мындай билдирүүлөрдү тараткандар жоопкерчиликке тартыларын белгилейт.

"Мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудио тарап жатат. Мындай билдирүү чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык, жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан