Тажиктердин кол салуусуна туура бир жыл болду. Президент апрелдеги каргашалуу окуя боюнча кайрылуу жасады

Бүгүн, 28-апрель тажиктердин куралдуу кол салуусуна бир жыл болду. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы дал ушул күнү кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчынын кайрылуусун президенттик администарциядан жарыялашты.

ООР ЖОГОТУУЛАР

"Кымбаттуу кыргызстандыктар! 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү, тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды!
Ошол каргашалуу күндөрдө Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет".

БАШКА ТҮШКӨН ООР СЫНОО ЭЛДИН ЫНТЫМАГЫН ЧЫҢДАДЫ

"Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин эгемендигин сактайм деп ант берген жоокерлерибиздин, калк башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган мекендештерибиздин көрсөткөн эрдигин баса белгилеп айтып кетүү менин парзым деп билем. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!

Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу Баткен жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Жалпы кыргызстандыктар ата-бабалардан келаткан улуу биримдигин дагы бир жолу тастыкташты, өлкөбүздүн чар тарабынан "Баткеним – менин жүрөгүм" деген ураан астында Баткенге жардам көрсөтүп жатты. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алып беришти".

КАГЫЛЫШУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИН ТЕЗДИК МЕНЕН ЖОЮУ

"Бул максатта 2021-жылдын 4-майында "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкты кабыл алганымды билесиздер. Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлүн кызматка дайындадым.

Мындан сырткары 2021-жылдын 10-сентябрында Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди. Бул мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды.

Аталган мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады.

Андан сырткары облус боюнча стратегиялык маанидеги 8 жолдун курулуш иштерине 250 миллион сом акча каражаты бөлүндү.

Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын "Жол картасы" иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 миллион сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет.

Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат!".

КАРГАШАЛУУ ОКУЯЛАРДЫН КАЙТАЛАНБАШЫН ТИЛЕК КЫЛАЛЫ

"Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилеп айта кетейин. Буга менин саясий эрким жетет.

Ошол эле мезгилде кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук көрсөтүү менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздап алалы. Жараткандан өткөн жылдагыдай каргашалуу окуялардын кайталанбоосун, элибиз, журтубуз аман-эсен, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүн болушун тилек кылалы!".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан