Депутат: “Оштогу Өзбекстанга өтө турган бекетте акча бергендер үчүн өзүнчө, акча бербегендер үчүн өзүнчө пост бар экен”

Оштогу Өзбекстанга өтө турган бекетте акча бергендер үчүн өзүнчө, акча бербегендер үчүн өзүнчө пост бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

“Ошто “Достук” чек арасы бар. Ал жерде Өзбекстанга өткөн эл экиге бөлүнүп калыптыр, акча бергендер жана акча бербей өткөндөргө өзүнчө пост бар экен. Мындай болбойт да, Бажы кызматына жана Чек ара кызматына протоколдук тапшырма берсеңиздер”, - деди Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан