Акаев: “Индиялык, пакистандык студенттер жан сакчы менен жүрөт, тамекисине чейин тартып алып жатышыптыр”

Индиялык, пакистандык студенттер жан сакчы менен жүрөт, алардын тамекисине чейин тартып алып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

“Сырттан келген адамдарга мындай кылсак болбойт. Ошол адамдарды таап, кечирим суратып жазасын бериш керек. Анткени ошол миңдеген студенттердин ар бири учактан тартып, ичкен-жегенине, кийимине короткон каражаттарын Кыргызстанга калтырып кетип жатат . Ал видеолор алардын өлкөсүндө тараса, Кыргызстан тууралуу “жапайы адамдар жашайт” дегендей элес калтырат. Аларга жакшы мамиле кылышыбыз керек. Индиядан, Пакистандан келген студенттер жан сакчы менен жүрүшөт экен. Керек болсо чөнтөгүндөгү тамекисин да тартып алышып жатыптыр. Мындай кылмышка баргандарды үлгү кылып катуу жазалоо керек”, - деди Акаев.

Ал эми ИИМдин өкүлү чет өлкөлүк студенттерди сабагандар кармалганын, тергөө жүрүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан