Жогорку Кеңеште кумарканалар тууралуу мыйзам долбоору талаш-тартыштан кийин ачык каралмай болду

Жогорку Кеңеште кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Алгач мыйзам долбоору жабык каралмак болуп, кайра депутаттардын талаш-тартышынан кийин ачык каралмай болду.

Депутат Исхак Масалиев бул мыйзам чийкилигин жана аны кабыл алуу кереги жок деген пикирин айтты.

Ошондой эле дагы бир депутат Дастан Бекешев бул мыйзам тууралуу Телеграм каналына билдирүү калтырып, мыйзам али чийкилигин, бирок ага карабай өкмөт шашылыш өткөрүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

Аталган мыйзамды Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп жатат.

Ал долбоорго ылайык, кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат.

Кумарканаларга Кыргыз жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан