Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканын баса белгилеген.
Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турган, жалпыга белгилүү чындык экендигин айтты.
Президент мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деп ишенет.
Мамлекет башчысы бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанарына үмүт артарын билдирди.
"Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат", - деп белгилеген Садыр Жапаров.
Өлкө башчы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын аймагына көчөт отургузду.