"Ойнобогула". Муфтият депутат жыйында курандагы сүрөөнү окугандан кийин билдирүү жасады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды карап жатканда куран китебин кармап, андагы сүрөөнү окугандан кийин билдирүү жасады.

"Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт.

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", - деп жазылды Муфтияттын социалдык тармактагы баракчасына.

Кечээ, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев куран китебинде арак менен кумар оюндарынын адам үчүн бир аз пайдасы бар экени жазылганын айтып, куран китебин окуган

"Бакара, 2-сүрөө. Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат дейт. Куранда жазылган. Ал экөөндө чоң күнөө бар. Бирок, адамдар үчүн бир аз пайдалары бар деп турбайбы мына", - деген Малиев.

Арсланбек Малиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан