Садыр Жапаров саммитке катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров Москвага учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, өлкө башчы эртең, 16-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев,
президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан