Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 16-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тет-а-тет форматындагы жолугушууда өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашкан.
Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгилеген.
Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Орусия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда турарын кошумчалады.
Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.
Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
Садыр Жапаров Орусия менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.