Президент Садыр Жапаров кечээ, 17-майда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана эмират элине БАЭнин президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.
Садыр Жапаров шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын БАЭнин туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгилеген.
Аны менен бирге Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын президенти кызматына кириши менен куттуктаган.
Ал жаңы лидердин жетекчилиги астында дүйнөдө жогорку саясий жана экономикалык кадыр-баркка ээ болгон өлкө мындан ары да өнүгүп, өз ара ишенимге жана колдоого негизделген эки тараптуу кызматташтык Кыргызстан менен Эмират элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишенимин билдирген.
Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалап, Садыр Жапаров БАЭ Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин, элдерди тарыхый жана руханий достук байланыштары бириктирип турганын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапапов Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга иш сапары менен ал үчүн ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде БАЭ президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян Садыр Жапаровго иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган колдоо сөздөрүн жогору баалай турганын белгилеген.
Ал ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.
"Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенимин билдирди.
Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын, ошондуктан тараптар ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү кызыкчылыгында тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.
Мухаммад бин Заед Аль Нахайян ошондой эле эки өлкөнүн элдери бир тууган экенин тастыктап, Кыргызстанга сөзсүз иш сапары менен келерине ишендирди", - деп жазылат билдирүүдө.