Парламенттин жыйынында депутат Малиев кайрадан Курандан үзүндү окуду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Курандан үзүндү окуду. Анда ал өткөн жолу убакыттын тардыгына байланыштуу Курандан мисал келтиргенде сүрөнү толук окуй албай калганын айтып, калып калган бөлүгүн кыскача телефонунан окуп берди.

“Өткөндө кумаркана боюнча мыйзамды карап жатканда убакыттын тардыгына байланыштуу Курандын 219-беренесин толук окуп бере албай калгам. Ал үчүн кечирим сурайм”, - деди депутат.

Муну менен катар Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгы анын Жогорку Кеңештеги Курандан үзүндү окуусуна байланыштуу билдирүүсүндө саясат менен динди аралаштырбаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Малиевди айрым адамдар аны Куранды бурмалоодо деп сындап чыгышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан