Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев Бажы кызматынын жетекчисине суроо берүүнү көздөп аны таппай калды. Отурумдун жүрүшүн көзөмөлдөп жаткан төраганын орун басары Сыдыгалиевден анын кайда кеткенин сурап аягында эл өкүлдөрү кайым айтыша кетишти.
“Бажы кызматынын төрагасына суроо бермекмин, ал кайда кетти?! Эмне болсо да бул жерде отуруш керек эле”, - деди Шакиев.
Бир канча убакыт күтүп отурушкан соң суроону Бажы кызматынын башка өкүлдөрүнө бере берүүнү сунушташты эле депутат көнгөн жок.
“Тартип барбы биздин парламентте? Бул эмне деген көрүнүш, маскарачылык. Депутаттар баяндамага келген адамдарды күтүп отурушубуз керек экен”, - деди Шакиев.
Жыйынга төрагалык кылып жаткан спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев “мен аны отур деп байлап койбойм” деп жооп узатты. Шакиев көзөмөлдөө анын милдети экенин эскертти.
“Чыкса чыгып кеткендир, сиз мага кыйкырбаңыз! Азыр кирет да”, - деп жооп узатты Сыдыгалиев.
Бир аздан кийин жыйынга кайтып келген Бажы кызматынын жетекчиси дары ичкени чыгып кеткенин айтып кечирим сурады.