Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөштү. Тараптардын сүйлөшүүсү телефон аркылуу болгонун президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сүйлөшүүдө кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринин бардык комплекси талкууланды.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкө элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн жогорулоосун канааттануу менен белгилешти.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев мамлекеттик чек ара маселелери, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.