Кызыл-Кыядагы түнкү рейд учурунда 31 балага айып салынды

Кызыл-Кыяда “Өспүрүм түн” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаар аймагында милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө, болгон кызмыштардын бетин ачуу максатында 18-20-май күндөрү “Өспүрүм түн” аталышындагы иш-чара жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, уюшулуп мушташууларга, зордук-зомбулукка жол бербөө, түн ичинде өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз жалгыз жүргүзбөө боюнча рейддер уюштурулду.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 31 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.

Ошондой эле балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан мурда катталган уурулук фактысынын бети ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан