Акылбек Жапаров менен Орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Акылбек Жапаров менен Орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Жетекчиси Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан