Министр Азамат Жаманкулов Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Өзбекстандын премьер-министринин орун басары менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Өзбекстандын туризм жана маданий мурастар министри Азиз Абдухакимов менен жолугушту.

Анда туризм тармагын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, пандемиядан кийинки мезгилде ШКУнун бирдиктүү туристтик брендин калыптандыруу жана аны илгерилетүү, жаңы туристтик маршруттарды түзүү жана учурдагы дестинацияларды оптималдаштыруу маселелери, коопсуз туризмди, ошондой эле туризм тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы буга чейинки туристтик алака жогорку деңгээлде экендигин белгилеп, борбор Азиядагы туристтик дестинацияларды биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилешип бир катар сунуштарды талкуулашты.

Алар чек арадагы өткөрмө пункттарындагы шарттар, виза режими, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо, ЖМК жана блогерлер үчүн медиа турларды уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик даремети тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүгө, зарыл болгон учурда көрнөк-жарнактар менен бөлүшүү макулдашылды.

Азамат Жаманкулов жолугушуу учурунда пандемия учурун эске албаганда эки мамлекеттин ортосундагы бардык тармактарында кызматташуу өз нугунда жүрүп жаткандыгын баса белгилеп, кызматташуунун бардык деңгээлдеги маселелерин чечүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан