Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мына парламент иштегенден бери 5 ай өттү. Ушул ар ай сайын Кумтөрдөн Жети-Өгүз менен Тоң райондоруна бир нерсе бөлүп бергиле деген маселени көтөрүп жатам. Тилекке каршы, өкмөтүбүз магабы же элгеби билбейм, атаандашып ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө кандай тиешеси бар? Ушул маселе боюнча өкмөттүн башчысы Акылбек Жапаров отставкага кетсин. Бул туура эмес токтом кабыл алганы үчүн. Уяты болсо өзү кетсин, уяты болбосо президентке кайрылам", - деди Малиев.
Парламенттин спикери депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.