Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКга элдин үнүн угуп, жеке менчикке жашыруун камераларды орнотууга уруксат берген “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзам долбоорун колдошту.
Жыйында төмөнкү мыйзамдар кабыл алынды:
- “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
- “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору.
Мыйзам долбоолору үчүнчү окууда кабыл алынды.