Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумунда дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алганын белгиледи

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда Бишкектеги Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында "ЕАЭБди өнүктүрүү - бул биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс", - деп билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, форумдагы талкуулардын негизги багыты ЕАЭБдин өнүгүү жолдорун жана келечегин, глобалдык трансформациялар доорунда туруктуу өнүгүүнүн резервдерин аныктоо болуп саналат. Президент Садыр Жапаров быйыл Кыргызстан төрагалык кылуучу тарап катары өз милдеттерин аткарууга киришкендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, бирикменин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала берет:

Биринчиси, "төрт эркиндикти" камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги;

Экинчиси, 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу;

Үчүнчүсү, агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;

Төртүнчүсү, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо;

Бешинчиси, Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

"Бул милдеттер азыр дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алып, биримдиктеги өнөктөштөрүбүзгө каршы тандалма санкциялар күчөп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мындай кырдаалда тышкы жагымсыз факторлорго каршы бардыгыбыз мурдагыдан да ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруубуз зарыл болуп турат", - деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан