"Динозаврдан башка бардык жаныбардын өлүгү жатат". Депутат Папан суу сактагычы булганып кеткенин билдирди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычы булганып, ит-куштун өлүктөрү толуп калды. Бул туурасында бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыкты.

Ал суу сактагычка активисттер барып келгенин, сууну тазалоо керектигин белгилейт.

"Аталган суу сактагычтан Кара-Суу, Араван райондорунун, Ош шаарынын тургундары суу ичишет. Жергиликтүү тургундар айтмакчы, суу сактагычта динозаврдан башка бардык жаныбарлардын сөөгү бар. Желим бөтөлкөлөр, таштандылардын баары бар экен. Аткаруу бийлиги суу сактагычты тазаласын. Бардык оорулар ошол суудан келип чыгууда", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан