Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда иш сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облусундагы жалгыз "Билим Ордо" мектеп-комплексинде болуп, балдарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Иш сапар мектеп окуучуларынын 1-июнга карата уюштурулган бий көрсөтүүсү менен башталган.
Өз кезегинде мугалимдер президент Садыр Жапаровго эмгек акылардын сезилээрлик жогорулатылгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен.
"Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларын майрамы менен куттуктап, алдыга койгон максаттарына жетип, аракетин жумшап, ага жетүү үчүн кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе билүүсүн каалады. Ал балдарга чың ден соолук, кызыктуу каникул жана кыялдарынын аткарылышын каалады", - деп жазылат билдирүүдө.