Өлкөдө бала асырап алуунун шарттарын жеңилдетүү зарыл. Мындай сунушту депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлү белгилегендей, балдар үйүндөгү балдарды багып алуунун тартиптери өтө татаал.
"Мындан улам көбү бала багып алуудан баш тартышат. Балдар үйүндөгүлөргө мамлекет канчалык көңүл буруп, каржыласа да үйдө берилчү тарбия берилбейт. Багып алууну каалагандар көп. Бирок шарттары татаал жана узак", - дейт ал.
Ошондой эле депутат жетим балдардын орто жана жогорку билим алуусуна шарт түзүлүшү керектигин кошумчалады.