"Колуңду сындырып коём". Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышты.

Бүгүнкү жыйында депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке чакырып, суроолорун беришти. Алгач Ташиев сөз сүйлөп, депутат Мадумаров УКМКнын кызматкерлерин элдин “канын ичкен” деп бир нече жолу айыптаганын айтты.

Анда Мадумаров: "Монтип атырылып сүйлөгөн укукту мага дагы бериңиз. Борбордук трибунадан сүйлөөгө убакыт бергиле" деди.

Жыйынтыгында Мадумаровдун сунушу добушка коюлуп, сунушу өтпөй калды.

"Ошондуктан азыраак сүйлөш керек, тилим бар деп эле сүйлөй бербей. Колуңду кезебегиниң, сындырып коём! Өткөндө депутаттар макулдук бербей, камалбай калды. Эгер мен Башкы прокурор болгондо, эбак эле камалат болчу. Азыр дагы кеч эмес", - деди Камчыбек Ташиев.

Кийинчерээк депутат Мирлан Самыйкожо Адахан Мадумаровдун сунушун кайрадан добушка коюуну суранды. Бул сунуш добушка коюлуп, жыйынтыгында Адахан Мадумаровго борбордук трибунада сөз сүйлөөгө убакыт берилди.

Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев кайым айтышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан