Садыр Жапаров: "Сооронбай Жээнбековдон 1 миллион доллар алмак түгүл 1 доллар алган жокмун"

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-июнда өткөн соттук отурумда Мелис Аспеков Садыр Жапаров президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековдон 1 миллион доллар алганын айтып чыккан.

"Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат", - деп жооп берген Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан