Жогорку Кеңештин депутаттары табигый кырсыктардан зыян тарткан чабандар менен дыйкандарга жардам берүү маселесин көтөрүштү. Анда Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн өрөөндөрүнө жааган кардын кесепетинен мал-жандык кырылганын, зыяндын ордун толуктоо үчүн фонддордон акча бөлүү керектигин белгиледи.
"Урматтуу төрага, өзүңүздүн фондуңуздан, акимдердин, облусту өнүктүрүү фондунан жана президенттин фондунан жардам берүүнү карап чыксаңыздар", - деди ал.
Ал эми Тазабек Икрамов Сузакта табигый кырсыктан зыянга учураган дыйкандар кайрылып жатканын айтып, атайын комиссия түзүп, келтирилген зыяндар эсептелип, тиешелүү жардам көрсөтүү керектигин айтты.