Баткенде тажиктердин огунан жаракат алган аскерлерди сыйлоо сунушталды

Баткендин Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алган аскерлерди сыйлоону Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев сунуштады. Ошондой эле жабырлануучуларды дарылаган дарыгерлерди сыйлоону да карап чыгууну белгиледи.

"Баткендеги чек арада орун алган акыркы окуяда 2 аскер кызматкери жаракат алды. Жерине Бишкектен дарыгерлер тобу барып кабар алышты. Учак учайын дегенде бейтаптардын абалы оорлошуп кетип, дарыгерлер турукташтырды. Кечээ президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жабыркаган аскерлерден кабар алганы барганбыз. Алар операциядан чыгып, кыйналып жатышкан. Ооруканадан чыккандан кийин эмне кыласыңар десек "кайра Баткенге барабыз" дешти. Биздин аскерлерибизге, Баткенге барган дарыгерлерибизге мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл буруп, сыйлап койсок", - деди ал.

Маалымат үчүн: Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.

Кийинчерээк Тажикстан чек ара тилкесине аскердик оор техникаларын тартышкан. Ошондой эле жетишилген макулдашууга карабастан тажиктер саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан. Орун алган окуядан жаракат алган 2 чек ара кызматкери Бишкекке алып келинип, Улуттук госпиталга жаткырылган. Алардын бирине операция жасалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан