Парламентте Шайлообек Атазов өлкөдөгү чайкоочу коммерциялык банктарга карата чара көрүүнү Улуттук банктын өкүлдөрүнөн суранды. Айтымында, бүгүнкү күндө насыялык пайыздардан зыян тарткан 67 адам адилеттүүлүк издеп жатат.
"Сиздерде (Улуттук банктын өкүлдөрүнө) өлкөдөгү бардык коммерциялык банктарды көзөмөлдөгөнгө укук бар да. Ошондон пайдаланып чайкоочу банктарга карата чара көрбөйсүздөрбү. Буларда уят деле калган жок окшойт. Аларга "кылмыш кылып жатасыңар, кыргыз элин асынып алууга, өзүнө кол салууга түртүп жатасыңар" деп айтыш керек. Себеби зыян тарткандар кайрылса да, айтса да банктар укпай жатат. Качан гана өзүнө бензин чачып өрт коюп, факты катталгандан кийин анан карап жатат", - деди ал.