Депутат: "Мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдун ишканасы 20 гектар жерди менчиктеп алган"

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун ишканасы Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү 20 гектар жерди менчиктеп алган. Бул туурасында бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев белгиледи.

Эл өкүлү жер тилкеси Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде дейт.

"Мурда бул жер тилкеси мамлекеттики болчу. 2000-жылы Чүй облустук токой чарбасына таандык болгон. Кийин жер тилкеси 49 жылга ижарага берилген. 2005-жылы айыл өкмөт 20 гектар жерди менчик компанияга акысыз берип койгон. "Прайм строй" ишканасы Данияр Үсөновго таандык. Депутаттар, Башкы прокуратура жана УКМК бир канча жолу бул маселени көтөргөнү менен жыйынтык болгон жок. Айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгаруу керек. 2021-жылы Башкы прокуратура сотко кайрылып, жеңилип калган. Чечимге эч ким кайра даттанган эмес", - деди депутат.

Маалымат үчүн:

Кыргыз бийлиги Даниил Урицкийди мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов экендигин, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин өлкөдөн чыгып кеткендигин бир нече жолу билдирген. Кыргыз өлкөсүндө ага оор кылмыштар боюнча айып тагылып, сыртынан өмүр бою түрмөгө кесилген. Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев дагы Беларусь өлкөсүндө жашайт, анын тушунда Үсөнов өкмөттү жетектеген.

Бишкек Минскке нааразычылык нотасын жөнөтүп, ага жооп берүүсүн талап кылган. Бирок Минск Бишкектин кайрылуусун жоопсуз калтырып келет. 11-августта Беларустун элчилигинин өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылган, жолугушууда кыргыз тарап Беларуста мамлекет аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен Беларуста жашайт деген маалымат жергиликтүү маалымат булактарына биринчи жолу 2017-жылдын декабрь айында чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан