Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов мамлекеттик мүлктөрдү сатып, Швейцариядан турак жай алып жаткандарды атады. Депутат белгилегендей, профсоюздар өлкөдөгү 72 объектти сатып жиберген.
"Профсоюзда иштеген 29 киши мамлекетте уурулук кылып жатышат. Алардын бири президенттин администрациясында, экинчиси Башкы прокуратурада жүрөт. Мага каттар келип жатат. Жайкы каникулда профсоюздар эч кимди кабыл албай жатышат. Ал эми жарандар ата-бабаларыбыздан калган мүлктөрдү сатып жибергендер жараткан ыңгайсыздыктарга чыдап жатат.
Мүлктөрдү саткандар Швейцарияда катар-катар үйлөрдү куруп алышыптыр. Бул маселе көтөрүлгөндө эле бардык жактагы тааныштарын, куда-сөөгүн тартып, ишти тез арада жаап коюп жатышат", - дейт ал.